«Акматбек акталмайынча, эч тарабайбыз!»

Ош шаарынын борбордук аянтында топтолгондор Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата журт» фракциясынын жетекчиси Акматбек Келдибековдун абактан токтоосуз түрдө бошотулушун талап кылып турушат. Атүгүл түштүк башкалаасына кадимкидей үч боз үй тигип, ары-бери өткөн элден кол чогултууну дагыле улантып жатышат.

Чынаалы КОЖОЕВ, Кара-Суу районунун тургуну:
Жанагы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков таза бекен? Ошого окшогондорду Акматбекке кошуп дароо камашса, биз унчукпайт элек. Анда президент Алмазбек Атамбаевдин коррупционерлерге каршы күрөшкөн саясатын биз дагы биротоло кубаттайт болчубуз.

Өмөр АРАПБАЕВ, Өзгөн районунун тургуну:
Алмазбек Атамбаев акаевчи жана бакиевчилерден качан арылат? Өкмөттү бүтүндөй жаңылап, жалаң таза жаштарды бийликке батыл тартпайбы. Ошондо гана коррупция деген балакеттен биротоло кутулат элек. Ансыз тээ союз маалында кыргыздын тыңчыкмаларын жана каймактарын чекесинен каматып кырдырып, биз, шордуу эл жалкып калган жайыбыз бар. Мындан ары ушундай репрессияга таптакыр жол бербейбиз!

Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер:
– Эсеп палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде ашыкча чыгымдарга жол койбогондугун өзү тастыктады. Бирок бийликтин буюртмасын кыйшаюусуз аткарууга көнгөн Башпрокуратура Келдибековго арык аттап, суу кечпеген айыптарды тагып жатат. Анын деле эч кандай илинчеги жок. Ошого карабастан минтип абакка тыгып отурушат. Илгертен түштүктүн эли чындыкка тике карап, акыйкаттык үчүн күрөшүп келген. Бул сапар дагы талаптары толук аткарылмайынча карапайым калк тынчыбайт!

Мелис МЫРЗАКМАТОВ, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:
– Бу бийлик «Кыргызгазды» бир долларга сатып ийгени жалганбы? Кумтөрдөн казылган алтындар каякта? Мына сага коррупция! А бийликке каяша айтып минтип чындыкты сүйлөгөндөрдү чекесинен камап жатышат. Булар алдыдагы шайлоодо мени дагы мэрликке эптеп өткөрбөй коюштун айласын таппай турушат. Атүгүл камаштан дагы кайра тартышчудай түрү жок! Бул бийлик акыйкатчылыктан биротоло тайыды. Көзүн чындап май басты. Ошондуктан бул жерде жүрүшкөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылаар элем: шайтандарга кызмат кылбагыла! Андан көрө элге кошулгула, ошондо чындап утасыңар!

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков элди эмоцияга азгырылбоого үндөдү.
– Араңыздарда азыркы учурдан пайдаланып ортоңуздарга от жагып, кайрадан жаңжал уюштурабыз дегендер жойлоп жүрүшөт. Ошолордун бал тилине алданбагыла! Сиздердин койгон талабыңыздарды борбордук бийликке төкпөй-чачпай жеткирип жатам, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ош шаарындагы көп эл катышкан нааразычылык акциясы Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековду абактан бошотмоюнча токтобой тургандыгын иш-чаранын уюштуруучулары «Жаңы Агым» гезитине ырасташты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары,
сүрөттөр автордуку