Articles Posted by the Author:

  • Кубат ОТОРБАЕВ, КТРКнын башкы директору: “Санарипке өтүү атаандаштыкка жакшы шарт түзөт”

    – Кубат мырза, алгач 8-декабрь телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамына улай келаткан КТРКнын 55 жылдык мааракеси менен куттуктап кетели… – Рахмат! Биринчиден, 55 жылдык тарыхы бар телебиздин пайдубалын түптөп, ушул күнгө жеткирген биздин улуу муунга чоң ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз телесинин башатындагы бардык эже-агайларыбызга, ата-энелерибизге башымды ийип таазим кылам. Мына, өтүп кеткенине эки жыл болду, биринчи төрайымыбыз […]


  • Эпитеттерден этият болсок

    Мактоо кимге гана жарашпайт. Бул жарашык көпчүлүк учурда көпкөндүктүн белгиси катары бааланып келет. Эгемендиктин эпкиниби же жандүйнөнүн жардылыгынын сепкиниби, айтор, өзүн-өзү ашкере мактоо, же бирөө аркылуу (көбүнесе жазмакерлердин жардамы менен) мактатуу, даңктатуу адатка айланып бара жатканы күнү бүгүн. Мактоо менен даңктоо чыгармачылык багытта эмгектенгендерде өзгөчө орун алган. Негизи чыгармачылык мактоого муктаж болуп турат окшобойбу. Аны туура […]


  • Султан ЖУМАГУЛОВ, ЭлТР коомдук каналынын башкы директору: “Улуттун жүзү телесинен көрүнөт”

    – Султан мырза, сиз кыргыз журналистикасынан баштап эл аралык журналистикада иштеп, анан эми кайра ЭлТР аркылуу өзүбүздүн айдыңга келдиңиз. Кандай айырмачылыктарды сезип жатасыз? – Иштөө тартибинде чоң айырмачылык дароо сезилет. Эл аралык компанияларда кызматкерлерди неге кеч келдиң, эрте кеттиң деп тескемей дээрлик жокко эсе. Ар ким өз милдетин таасын билет, жамааттык эрежелерди жана кызыкчылыкты сактоого […]


  • «Түркияга эки жаңы ыр менен барабыз»

    “Түрквизион” конкурсу түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасындагы “Евровидениенин” көчүрмөсү катары быйыл старт алганы турат. Бир нече турдан өткөн тандап алуу турунда жүздөгөн жаштардын катарынан суурулуп чыккан “Чоро” тобунун ырдаганын баары эле телевизордон көрүшсө керек. Жаңыдан жылдызы жанып келе жаткан жигиттерди Түркияга жөнөөр алдында кепке тарттык. Топтун көркөм жетекчиси Марат Абылов менен солисти Нурболот суроолорубузга жооп беришти. […]


  • «Акматбек акталмайынча, эч тарабайбыз!»

    Ош шаарынын борбордук аянтында топтолгондор Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата журт» фракциясынын жетекчиси Акматбек Келдибековдун абактан токтоосуз түрдө бошотулушун талап кылып турушат. Атүгүл түштүк башкалаасына кадимкидей үч боз үй тигип, ары-бери өткөн элден кол чогултууну дагыле улантып жатышат. Чынаалы КОЖОЕВ, Кара-Суу районунун тургуну: – Жанагы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков таза бекен? Ошого окшогондорду […]