Айтбаевич айттырбай кеттиби?

Коррупцияга каршы күрөш күчөгөнү артында калбыры барлар сестенип, алды безип кеткенге үлгүрүшүптүр. Маселен, «ата журтчу» Курманбек Осмонов ден соолугун шылтоолоп Санкт-Петербургда жүрөт. Ал эми «Кыргызнефтегаз» ААКсын жетектеген кезинде миллиондорду жеди делип шектелип, бирок кесиптештеринин калкалоосунун негизинде Башпрокуратуранын чеңгелинен кутулган Исхак Пирматовдун дайын-дареги белгисиз. Тааныштары издей берип суй жыгылышты. Ауу, Исхак Айтбаевич, Кыргызстанда болсоңуз үн катып, кат-кабарыңызды билдирип койбойсузбу? Же кылтакка илинип калуудан чочулап Казакстандагы «хан сарайыңызда» жашырынып жатасызбы?

«Жаңы Агым» – пресс