Articles Posted in the " «Жаңы Агым» – пресс " Category

  • Самаков, сага рахмат

    Кандай дебейли, ЖК депутаты Карганбек Самаков бир эрдик кылды. Буга чейин ал “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кыргыздын маданий мурасы катары киргизүүгө аракет кылып келаткан. Жакында ЮНЕСКОнун маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйыны болуп, анда үчилтикти кыргыздын маданий мурасы катары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кигизүү кабыл алынган. […]


  • Назарбекке назар салышаар бекен…

    Президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгеси кайрадан көтөрүлдү. «Кыргызстан патриоттор кыймылынын» лидери Назарбек Нышанов мындан үч күн мурда өткөргөн маалымат жыйынында өлкө башчысы ишенимди актабай жатканынан улам аны мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүгө үндөдү. Нышановдун айтымында, бийлик чыныгы оппозицияга куугунтукту токтотуп, мартабалуу аткаминерлердин ичкен-жегендерин кустуруп, мыйзам чегинде жазага тартышы керек. Ошондо гана коррупция менен күрөшүү адилет […]


  • Токтоматованы казып башташты

    Абактагы Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматовага катталган мүлктөр, компаниялар тыкыр иликтөөгө алынды. Учурда Юстиция министрлиги Токтоматовага тиешелүү фирмаларды, мамлекеттик каттоо кызматы үй-мүлктөрдүн тизмесин издөө менен алек. Бүгүн-эртеңден Аида айымдын коомчулукка белгисиз баштан ашкан байлыктарынын тизмеси жарыяланып калса таң калбагыла! Кызыктар алдыда! «Жаңы Агым» – пресс


  • Министр кетсин!

    Парламенттин кечээги отурумунда «ар-намысчы» Турсунбай Бакир уулу Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун отставкага кетүүсүн талап кылды. «Мен республика боюнча окуучулардын бирдиктүү формасы барбы деп суроо жөнөткөм. Бирок жакшы жооп алган жокмун. Министрлик мектеп окуучуларын хиджабчан жүрүүсүнө тыюу салат дагы, кыска юбка кийгендерге уруксат берет. Муну кандай түшүнсөк болот? Мындан сырткары, дин таануу сабагын […]


  • «Кара тизмеге» илингендер…

    Жети баштуу ажыдаарга айланган жемсөөлүктү ооздуктоого байланыштуу «кара тизме» түзүлгөнүн эшиттик. Тизменин башында эркин депутат Равшан Жээнбеков, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жана анын партиялашы Турсунтай Салимов баштаган ЖоКедеги он чакты депутат, өкмөт курамындагы 3-4 министр турат дешет. Ар кыл сөздөр жүрөгүнө катуу тийгенби, Чыныбай Акунович ооруканага жатып калды. Бат сакайып кетсин демекчибиз. Мындан сырткары, […]


  • Маматов жанар май магнаты болобу?

    ЖоКедеги 120 депутаттын жарымынан көбүн «балык» деп сындаганыбыз менен бизнестин ичегисине кан куюп, миллиондорду тегеретип жатканын билбейбиз. Мисалы, Абдимуктар Маматов аттуу депутатты көпчүлүк тааныбайт. Бирок ал «Газпромго» атаандаш болуу максатында «Петролеум» аталыштагы май куюучу жайларын биринин артынан бирин ачып жатканын анын кесиптештери айтып жүрүшөт. Бул тармактын казанында кайнагандардан сурасак, бир май куюучу жайды куруш үчүн кеминде […]


  • Айтбаевич айттырбай кеттиби?

    Коррупцияга каршы күрөш күчөгөнү артында калбыры барлар сестенип, алды безип кеткенге үлгүрүшүптүр. Маселен, «ата журтчу» Курманбек Осмонов ден соолугун шылтоолоп Санкт-Петербургда жүрөт. Ал эми «Кыргызнефтегаз» ААКсын жетектеген кезинде миллиондорду жеди делип шектелип, бирок кесиптештеринин калкалоосунун негизинде Башпрокуратуранын чеңгелинен кутулган Исхак Пирматовдун дайын-дареги белгисиз. Тааныштары издей берип суй жыгылышты. Ауу, Исхак Айтбаевич, Кыргызстанда болсоңуз үн катып, […]


  • Жаңы жылды өкмөтсүз тособузбу?

    Парламенттин 25-26-декабрдагы жыйынында «Кумтөр» маселеси каралат. Жыйында өкмөт «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрдүн отчетун бермекчи. Ак үйдөгү билермандардын айтымында, премьер Жантөрө Сатыбалдиев сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жазга чейин убакыт сурашы мүмкүн. Буга жинденген «ата мекенчи» Өмүрбек Текебаев көпчүлүктөн чыкканын жарыялап, коалицияны кулатып салбайбы? Анда жаңы жылды өкмөтсүз тособузбу? Кийинки коалиция үч партиянын («Ата журт», «Ата мекен», «Ар-намыс») катышуусунда […]


  • Митинг баары бир болот

    Интернет-сайттардын бири 5-декабрда Ош жана Талас облустарында, Ысык-Көлдүн Саруу айылында үлкөн митинг өтөрүн, мунун түпкү максаты мамлекеттик мекемелерди басып алууга багытталганын жазган эле. Ошко Камчыбек Ташиев, Таласка Данияр Жаныкулов, ал эми Сарууга Кубанычбек Кадыров координатор болгонун сайт кошумчалаган. Бул маалыматты КТРК, 5-канал көгүлтүр экрандан да чагылдырды. Бактыга жараша кечээ Ошту эске албаганда, бөлөк аймактарда нааразычылык […]


  • Аманбай Нарынга барды

    Нарын облусундагы өкмөт өкүлү Канатбек Муратбеков кетет экен деп далай жазганбыз. Акыры кетирип тынышты. Ордуна Бишкек шааркеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Аманбай Кайыпов барды. Аманбай менен Канатбек бири-бирине тебетей кийгизип, чепкен жаап, кызмат ордун өткөрүп берип цивилдүү иш жасашты. Канатбек мырзаны теңир-тоолуктар жөнөкөйлүгү, ишбилгилиги үчүн жакшы көрүшчү эле, эми Аманбай мырза да андан ашыра иштесин […]