Эпитеттерден этият болсок

Мактоо кимге гана жарашпайт. Бул жарашык көпчүлүк учурда көпкөндүктүн белгиси катары бааланып келет. Эгемендиктин эпкиниби же жандүйнөнүн жардылыгынын сепкиниби, айтор, өзүн-өзү ашкере мактоо, же бирөө аркылуу (көбүнесе жазмакерлердин жардамы менен) мактатуу, даңктатуу адатка айланып бара жатканы күнү бүгүн. Мактоо менен даңктоо чыгармачылык багытта эмгектенгендерде өзгөчө орун алган. Негизи чыгармачылык мактоого муктаж болуп турат окшобойбу. Аны туура дейличи, ошентсе да ашкере мактануу же мактоо кеңири жайылып, илдетке айланып бара жаткандай. Жалган мактоо жалган чыгармачылыкка кеңири жол ачып турган кез.

Жылдызданган “чычымдардан” баштайынчы. Кайсы гезит-журналдын бетин ачпа, бешиктен бели чыга элек кайсы бир “жылдыз” менен маек бар. Ошол маектерден сөзсүз “менин талантымды баалагандар”, “менин чыгармачылыгымды колдогондор” деген сүйлөмдөр кездешет. Окуп отуруп уялбагандан өзүң уял болосуң. Ой жүгүртүп көрөлүчү. Чыгармачыл адам деп чыгармалары ооздон оозго өтүп ырдалып, китептери талашка түшүп окулуп, ойногон ролдору көзгө көрүнүп калган, бараандуу эмгек жараткандарды айтчу элек. Адис сынчылардын сынынан, элдин элегинен өткөн соң гана ошол чыгармачыл адам экендиги таанылчу. Ал эми анын талант экендиги коомчулукта толук кандуу пикир жаралып, чыныгы таланттуу чыгармалары менен чыга келгенде аныкталчу. Өзүн-өзү чыгармачыл адаммын же талантмын деп айтыштан уялыш керек эле. Чолок-чолок, ар кайсыдан көчүргөн обон же ыр жаза калып, көчө анекдотторунан куралган интермедия ойной калып, фотоаппарат менен клип же кино тарта салып эле “таланттуу”, “чыгармачыл” болуп чыга келишкендерине куйкаң курушат турбайбы. Куруштуруп эмне кыласың дегендер четтен чыгар. А коом каякка барат? Эртеңкибиз жалаң дилетанттардын заманы болуп калабы?  Негедир элден башкачаланып, келесоочалыш көрүнүп, кебете-кешпирин бузуп, үн чыгарууда чукчалардыбы же бурят, якут сыяктуу сибирь элдеринин ыкмаларын тууроо, ачык эле өздөрүн “обужокмун” дегендер эртеден кечке экран бетин бербей, эфирден түшпөй жатканы кызык. Ошол теле-радиодо иштегендер эмнени тескеп, эмнеге жооп бериши керектигин аңдаган адам жоктой.

Улуттук маданиятыбыздын өзөгүн түзгөн нукура чыгармачыл таланттуу адамдардын кадыр-баркын бийлик башындагылар сыйлабай, алардын чыгармачылыгы менен иши жокко өтүп алышты. Массалык маалымат каражаттары жеңил сенсациянын артынан түшүп, жаш журналисттердин дїйнєтаанымы тардыгынан залкар жазуучу, композитор, киночу же сүрөтчүлөр тууралуу маалыматы жок экендиги жазган материалдарынан оркоюп эле көрүнүп турат. Жогорку билим алган аларыбыз антсе, көчөдө жүргөн жоон топ жаштарыбыз тууралуу айтканда не. Кээде үстүртөн эле бир нерсени чиймелей салышканын көрүп кейийсиң. Гезит-журнал окуган карапайым калкка ошентип туура эмес, телки, тайыз, такталбаган маалыматты бере берсек, эртең “эмнени эксең, ошону аласың” болорубуз турган иш.

Аттарын айтпай эле коелу, замандын шарапатынан кем калбайлы дегениби же жаштарды туурагандарыбы, айтор, акыркы мезгилде айрым аттуу-баштуу чыгармачыл адамдарыбыз да өзүн гений же корифей дедиртип макала жаздыра башташты. Ааламды чапчыган чыгармаларды жазган, ары жагы дүйнөлүк генийлер В.Шекспир, А.Пушкин, В.Моцарт, Л.Бетховен, П.Чайковский, бери жагы Чыңгыз Айтматовдой шедевр жаратмандарына өзүн катар койо салышканы ары жоктуктун же бети жоктуктун гана белгиси.

Эпитеттерди эпсиз пайдалануу, аны массалык маалымат каражаттарынын оңду-солду жарыялай бериши бүгүнкү күндөгү маданият, искусство тармагындагы башаламандыктан гана кабар берип, электен өтпөгөн чыгармалардын эпсиз көбөйө беришине өбөлгө түзөрү ойго салат.

Турдубек Чокиев, композитор