«Кара тизмеге» илингендер…

Жети баштуу ажыдаарга айланган жемсөөлүктү ооздуктоого байланыштуу «кара тизме» түзүлгөнүн эшиттик. Тизменин башында эркин депутат Равшан Жээнбеков, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жана анын партиялашы Турсунтай Салимов баштаган ЖоКедеги он чакты депутат, өкмөт курамындагы 3-4 министр турат дешет. Ар кыл сөздөр жүрөгүнө катуу тийгенби, Чыныбай Акунович ооруканага жатып калды. Бат сакайып кетсин демекчибиз. Мындан сырткары, Бишкек шаардык мэриясынын жана Ош мэриясындагы 2-3 чиновникке кылмыш иши козголуп, жакын арада сот процесси башталарынан кабардарбыз. Мунусуна караганда коррупционер-чиновниктерге арнап атайын түрмөкана аччудайбыз.

«Жаңы Агым» – пресс