Кубат ОТОРБАЕВ, КТРКнын башкы директору: “Санарипке өтүү атаандаштыкка жакшы шарт түзөт”

ktrk

k_otorbaev– Кубат мырза, алгач 8-декабрь телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамына улай келаткан КТРКнын 55 жылдык мааракеси менен куттуктап кетели…
– Рахмат! Биринчиден, 55 жылдык тарыхы бар телебиздин пайдубалын түптөп, ушул күнгө жеткирген биздин улуу муунга чоң ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз телесинин башатындагы бардык эже-агайларыбызга, ата-энелерибизге башымды ийип таазим кылам. Мына, өтүп кеткенине эки жыл болду, биринчи төрайымыбыз Рабия Менсеитова, биринчилерден эфирге чыккан Сайнаке Жунушалиева сыяктуу инсандарды элестетсек бул жерде далай-далай залкар адамдардын эмгеги калган. Балташ Кайыпов, Асанбек Токомбаев агайларыбыз, залкар диктор эжекелерибиз Роза Рыскелдинова, Тамара Жаманбаева-Бакиева, көзү өтүп кеткен Жолдубай Кайыпов агабыз, Тамара Алсейитова эжекебиз, айтор, санай берсе кагаз түтпөй турган не деген залкарлар иштеди бул жерде. Азыр да арабызда Түгөлбай Казаков, Бактыбек Мамытов, Гүлшан Молдоева, Айнура Алдашева, Байма Сутенова деген залкарлар иштеп жатат. КТРКны жетектеп кеткен Кадыркул Өмүркулов, Абдиламит Матисаков, Кыяс Молдокасымов сыяктуу дагы далай инсандарга ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек. Анткени алардын эмгеги болбосо корпорация бүгүнкү деңгээлге жетмек эмес.

– Жыл жыйынтыкталып баратат, ушул жыл ичинде жасалган негизги иштерге токтоло кетсеңиз?
– Биринчи кезекте быйыл балдарга билим берүү үчүн “Баластан” телеканалын ачканыбыз болду. Бул канал азыркы учурда оригиналы беш саат болуп күн сайын эфирге чыгып атат. Үч жолу кайталоо болот. Ошону менен он жети саат эфирге чыгып атабыз. Аталган каналды ачуудагы негизги максат – єлкєдєгї 5,5 милион калктын 1 миллион 700 миңи 14 жашка чейинки балдар экенин эске алдык. Кыргызстандын калкынын үчтөн бир бөлүгү балдар. Бул Кыргызстан жаштар мамлекети экенин билдирет. Бүгүнкү балдар эртеңки эл. Ошондуктан буга өзгөчө көңүл бөлдүк.

Экинчи чоң иштердин бири катары онлайн режиминде биздин телени көрүп, төрт радиону укканга мүмкүнчүлүк болуп калганын айтсак болот. Тактап айтканда, эми бизди дүйнөнүн кайсы бурчунан болсо да интернет аркылуу көрө алышат. Дагы бир чоң жетишкендик катары дисктерди чыгара баштаганыбызды айта кетейин. Учурда бизден “Айтматовдун ааламы” деген диск чыкты. Анда залкар жазуучубуздун чыгармалары боюнча тартылган сегиз көркөм фильм, аны менен бирге Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуулар топтоштурулуп, “Улуу Айтматов” деген антология чыкты. Бул жерде “Кызыл алма” менен “Биринчи мугалим” повесттерин Чыўгыз Төрөкулович өзү окуган. Андан сырткары “Саманчынын жолу”, “Кылым карытар бир күн”, “Гүлсарат”, “Жамийла”, “Бетме-бет”, “Ак кеме” аттуу чыгармалары да аудио түрүндө чыкты. Бул диск китептердин баш сөзүн президентибиз Алмазбек Атамбаев жазып берди. Ушул багытта “Манас” эпосун да чыгарып жатабыз. Бул да өзгөчө, чоң иш десек болот. Мында улуу манасчы Саякбай атабыздан баштап Уркаш Мамбеталиевге чейинки сегиз манасчынын айткандары камтылган. Жакында бул дисктин тушоосун кесебиз.

Ошол эле учурда биз өзүбүздө техникалык, башкаруу жана финансылык тыкыр текшерүүлөрдү жүргүздүк. Баса, күздө телеберүүлөрдүн сеткасын кабыл алып, аны Байкоочулар кеңеши бекитип, бир нече жаңы долбоорлорду ишке киргизип, сентябрдан баштап анын негизинде иштей баштадык. Жаңы долбоорлорду санай кетсек, “Ой ордо” көрсөтүүсү жумасына төрт жолу эфирге чыга баштады. Ал көрсөтүү облустарга чейин барып чечилбеген маселелерди талкуулап келүүдө. Андан башка да быйыл көрүүчїлөргө “Ден соолуктун сырлары”, “Маданият майданы”, “Сереп”, “Тоолуктардын ток-шоусу”, “Өкмөт сааты”, “Про колеса”, “Мага жар керек” , “Жаш канат”, “Мээрим” сыяктуу жаңы долбоорлор сунуштала баштады. Ошол эле учурда спорт күйөрмандары үчүн УЭФА чемпиондор лигасынын көрсөтүүлөрүн түз эфирде берип келебиз. Президенттин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жарлыгынын негизинде Мамлекеттик тил комиссиясы менен бирге быйыл “Эне тилим – эне сүтүм” деген көрсөтүүнү да эфирге чыгара баштадык.

– Жакындан бери телени санарипке өткөрүү тууралуу сөз болуп жатат. Анын маанисин түшүндүрө кетсеңиз?
– Учурда санарипке өтүү боюнча биртоп иш-чаралар жүрүп жатат. Кыргызстан дүйнөнүн 165 мамлекети менен тең катар Женева конвенциясына ылайык, 2015-жылдын июнь айында толук бойдон санариптик берүүгө өтүүсү керек.

– Санарипке өтүүнүн кандай артыкчылыктары бар?
– Санарип телекөрсөтүүсүндө азыр чыгып жаткан бир жыштыктын ордуна онго чейин жыштык пайда болот. Муну менен жыштыктардын тартыштыгы чечилет. Бул биринчиден. Экинчиден, көрсөтүлүп жаткан сүрөт, видеонун сапаты жакшырат. Үчүнчүдөн, интерактивдик байланыш деп коёт, бул түз эле сиздер телевизордун пульту аркылуу ошол студия менен байланыш түзүп добуш берүүгө катышсаңыз болот. Төртүнчүдөн, архив маселеси, сиз эгер эртең менен жумушка кетип жатып, мисалы, саат 12:00 менен 13:00 ортосундагы же төрттөн бешке чейинки убакытта бир программаны көргүңүз келип, бирок көрө албай жатсаңыз, пульт аркылуу буюртма берип, архивге көчүрүп койсоңуз болот. Анан аны каалаган убактыңызда келип көрө аласыз. Дагы бир артыкчылыгы – бул өзгөчө кырдаалдар учурунда, мисалы, Єзгөчө кырдаалдар министрлиги, милиция же бейөкмөт уюмдары өзү каалаган шашылыш билдирүүлөрдү ошол телевизор аркылуу тез бергенге мүмкүнчүлүк болот. Ушуга окшогон биртоп артыкчылыктары бар. Ошол эле учурда экономикалык жактан да пайдалуу. Тактап айтканда жыштыктардын баасы арзандайт.

– Эл телени, анын ичинен КТРКны азыркыдай бекер эле көрө алабы?
– Санарипте социалдык пакет деген түшүнүк бар. Ал социалдык жардам катары элге бекер көргөзүлө турган пакет. Ошол пакеттин ичинде он канал бекер болот. Алардын ичине КТРКнын үч каналы кирет. Демек эл бекер көрөт десек болот. Мындан тышкары соцпакет – бир мультиплекс болот. Ал жана мен айтып өткөн 10го жакын каналдардын толкуну биригип аларды бир өзөктө берүү болуп эсептелет. Ошондой мультиплекстен Кыргызстанда мен жаңылбасам алты же жетөө бар. Ошентип Кыргызстанда 2015-жылга карата бери жагы эле 200-300дөн ашык телеканал пайда болот.

– Демек, массалык маалымат айдыңында 90-жылдардан кийин жеке менчик гезиттер көбөйсө эми жеке менчик телеканалдардын саны көбөйөт экен да…
– Туура. Бул багытта Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Жогоруда айтып жаткандай биз чыгып аткан каналда ондон ашык каналдар пайда болот. Башкача айтканда, бул атаандаштыкка өтө жакшы шарт түзөт. Мазмундун өнүгүшүнө, ошол эле медиа базардын өнүгүшүнө чоң түрткү болот.

– Маалымат коопсуздугу кандай корголот?
– Бул маселени кандайдыр бир деңгээлде санариптик көрсөтүүнүн терс жагы десек болот. Маалымат айдыңында көп “оюнчулар” пайда болушу күтүлөт. Мисалы, акчасы көп мамлекеттердин чоң-чоң медиахолдингдери кириши мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстандагы үлүшү канча пайыз болуш керек, мамлекеттик тилдин тагдыры кандай болот деген маселелерди азыртадан аныктап алышыбыз зарыл. Учурда бул маселелер мамлекеттик деңгээлде талкууланып жатат.

– Санарипке өткөн соң телевизорлорду алмаштыруу керекпи?
– Өзгөрбөшү мүмкүн. 50-60 жылдагы телевизорлорду эле алмаштырбасак азыркы биз көргөн телевизорлор санариптик көрсөтүүнү кармаганга жарайт. Айыл жергесиндеги телевизордун көбү аналогдук сигналга ылайыкташылган, ал эми санариптик сигналды берүүдө ошол телевизордун форматына ылайыктап берген атайын аппарат бар. Аппарат болсо өткөндө Баткенде 40 долларга сатылган, ал эми азыр ал аппаратты ким сатып алат же ким сатып берет деген маселе талкууланып жатат. Анын бир нече жолу бар. Биринчи жолу – мамлекет каржылап бериши мүмкүн, бирок мамлекеттин чама-чаркы белгилїї, алар жөлөкпул алып жаткан адамдарга сатып бериши мүмкүн. Ал эми экинчи жолу – эл өзү сатып алат. Анын баасы 40 доллардан 80 долларга чейин болушу мүмкүн. Дагы бир жолу бар – ошол санарипке которуу милдетин алган оператор – мисалы, “Кыргызтелеком” сатып бериши ыктымал. Ал жабдууну бир жолу сатып алса ал экинчи өзгөрбөйт.

– Учурда КТРКда үч телеканал пайда болду. Бул жаңы каналдар санарипке өтүү даярдыгы экен да…
– Ооба, өткөн жылы “Музыка” деген канал ачканбыз. Бул телеканалдын көрсөтүүлөрү Бишкекте “Акнет”, “Zor TV”, “Долон ТВ” кабелдик түйүндөрү аркылуу, Ошто “Ынтымак” телеканалы, Жалал-Абадда “Сентябрь” каналы аркылуу жана “Кыргызтелекомдун” санариптик пакети аркылуу Баткенде чыгып жатат. Дал ушул “Музыка” каналы менен катар балдардын каналын да ачтык. Ал ”Музыка” каналы сыяктуу эле кабелдик түйүндөр аркылуу жана жер-жерлердеги биздин өнөктөш телекомпаниялар аркылуу эфирге чыга баштады.

– Жаңы каналдар башка аймактарга да көрсөтүлүп жатабы?
Кыргызстандын шартында бизге азырынча кошумча жыштык жок. Бирок бул маселе 2015-жылдан кийин санарипке өткөндөн кийин чечилет. Аз эле убакыт калды. Ага чейин биз берүүлөр сеткасын аныкташыбыз керек. Кызматкерлерди такташыбыз зарыл. Техникалык жактан даярдык көрүү алгачкы аткарыла турган иштерден. Өзүңүздөргө маалым болгондой, канал техника болбосо ишке ашпайт. Санарипке өткөнгө чейин биз даярдык көрөлү дедик. Экинчиден, Бишкек шаарында “Ала ТВ” оператору бул каналды кошобуз деп жатат. Жана мен санап өткөн “Долон ТВ”, “ Zor ТV” дагы башкалары берет. Бишкектин өзүндө кабелдик телеканал мыкты өнүккөн. Мындан тышкары биз облустук каналдар менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Анткени алар бир жыл мурда өздөрүнүн жыштыгында чыга башташкан. Кыскасын айтканда, биз тармакты күчөтө беребиз. Албетте, анан интернет сайтыбыз бар. Сайт аркылуу биздин негизги каналыбыз болгон Коомдук биринчи канал түз эфирде көрсөтүлүүдө. Баса, кайсы жерде интернет кармап, телефону видео көргөнгө ылайыкташкандар болсо, биздин негизги жана экинчи, үчүнчү каналыбызды түз көрө алышат.

– Акыркы суроом эркин болсун…
– Албетте, жаралган ийгиликтерге жамаатыбыздагы ар бир кызматкердин салымы бар деп эсептейм. “M vector” деген компаниянын иликтөөлөрү боюнча КТРК Кыргызстандагы алдыңкы телеканалдардын бири. Алардын “Кыргызстан боюнча маалыматты эмнеден аласыңар?” деген сурамжылоосуна катышкан элдин 98,5%ы теледен аларын айткан. Бизди бир жумада 1,9 млн. киши көрөт экен. Албетте Бишкекте биздин алдыбызда үч-төрт канал бар. Бирок жалпы республиканы алганда бизде мурдагыга салыштырмалуу өсүш жогору. Бул үчүн мен КТРКнын ийгиликтерине өз салымын кошуп жаткан өзүбүздүн жамааттын ар бир кызматкерин келаткан майрамы менен куттуктайм!

Зайырбек АЖЫМАТОВ

Полезная информация по фасадам http://profasadi.ru/