Маматов жанар май магнаты болобу?

ЖоКедеги 120 депутаттын жарымынан көбүн «балык» деп сындаганыбыз менен бизнестин ичегисине кан куюп, миллиондорду тегеретип жатканын билбейбиз. Мисалы, Абдимуктар Маматов аттуу депутатты көпчүлүк тааныбайт. Бирок ал «Газпромго» атаандаш болуу максатында «Петролеум» аталыштагы май куюучу жайларын биринин артынан бирин ачып жатканын анын кесиптештери айтып жүрүшөт. Бул тармактын казанында кайнагандардан сурасак, бир май куюучу жайды куруш үчүн кеминде 200 миң доллар сарпталарын ырасташты. Мындан улам, «ата мекенчи» 50гө чукул заправкасына каражатты кайдан тапты  деген суроо туулат. Суроонун жандырмагын балким өзү чечмелер.

«Жаңы Агым» – пресс