Министр кетсин!

Парламенттин кечээги отурумунда «ар-намысчы» Турсунбай Бакир уулу Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун отставкага кетүүсүн талап кылды. «Мен республика боюнча окуучулардын бирдиктүү формасы барбы деп суроо жөнөткөм. Бирок жакшы жооп алган жокмун. Министрлик мектеп окуучуларын хиджабчан жүрүүсүнө тыюу салат дагы, кыска юбка кийгендерге уруксат берет. Муну кандай түшүнсөк болот? Мындан сырткары, дин таануу сабагын окутуу тууралуу токтом алигиче аткарылган жок. Ошон үчүн министрдин отставкасын талап кылам» деген Турсунбай ажынын билдирүүсүнө Канат Жалилович реакция жасай элек. Иликтеп көрсөк, эл өкүлүнүн министрге жасаган чабуулунун себеби дароо ачыкка чыкты. Көрсө, партиялашы Каныбек Осмоналиевди аталган министрликтин «тууруна» кондуруш үчүн Садыковду «кетсин» деп жатыптыр. Аракетинин акыбети кайтар бекен?

«Жаңы Агым» – пресс

сайт молодость красота здоровье женщины