Митинг баары бир болот

Интернет-сайттардын бири 5-декабрда Ош жана Талас облустарында, Ысык-Көлдүн Саруу айылында үлкөн митинг өтөрүн, мунун түпкү максаты мамлекеттик мекемелерди басып алууга багытталганын жазган эле. Ошко Камчыбек Ташиев, Таласка Данияр Жаныкулов, ал эми Сарууга Кубанычбек Кадыров координатор болгонун сайт кошумчалаган. Бул маалыматты КТРК, 5-канал көгүлтүр экрандан да чагылдырды. Бактыга жараша кечээ Ошту эске албаганда, бөлөк аймактарда нааразычылык акциялары өткөн жок. «Эмне үчүн митинг өтпөй калды?» деген суроо менен Кадыровго кайрылганыбызда «сайттарда такталбаган маалыматтар чыгып кетиптир. 5-декабрга эч кандай акция белгиленген эмес. Бирок жакынкы аралыкта чоң митинг өткөрүү планда бар» деп жооп узатты.

«Жаңы Агым» – пресс

Бесплатные объявления в Тюмень на http://72s.ru/ Барахолка Тюмень - доска объявлений.