Назарбекке назар салышаар бекен…

Президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгеси кайрадан көтөрүлдү. «Кыргызстан патриоттор кыймылынын» лидери Назарбек Нышанов мындан үч күн мурда өткөргөн маалымат жыйынында өлкө башчысы ишенимди актабай жатканынан улам аны мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүгө үндөдү. Нышановдун айтымында, бийлик чыныгы оппозицияга куугунтукту токтотуп, мартабалуу аткаминерлердин ичкен-жегендерин кустуруп, мыйзам чегинде жазага тартышы керек. Ошондо гана коррупция менен күрөшүү адилет жүрмөктүгүн Назарбек мырза баса белгилейт.

«Жаңы Агым» – пресс