Султан ЖУМАГУЛОВ, ЭлТР коомдук каналынын башкы директору: “Улуттун жүзү телесинен көрүнөт”

s_jumagulov– Султан мырза, сиз кыргыз журналистикасынан баштап эл аралык журналистикада иштеп, анан эми кайра ЭлТР аркылуу өзүбүздүн айдыңга келдиңиз. Кандай айырмачылыктарды сезип жатасыз?
– Иштөө тартибинде чоң айырмачылык дароо сезилет. Эл аралык компанияларда кызматкерлерди неге кеч келдиң, эрте кеттиң деп тескемей дээрлик жокко эсе. Ар ким өз милдетин таасын билет, жамааттык эрежелерди жана кызыкчылыкты сактоого аракет кылат. Жергиликтүү компанияларда ар кандай шылтоону бетке кармоо адаты дагы эле бар. Эл аралык компанияларда жамааттык чечим кабыл алуу жолго коюлса, жергиликтүүлөрдө администрациялык-буйрукчул адат али кала элек. Бирок айырмачылык күндөн күнгө жоюлуп баратат. Не дегенде дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны сиңирген муун айдыңга чыга баштады.

Айырмачылык бир гана жалпыга маалымдоочу каражаттарда эле эмес бардык тармакта билинет. Өкмөттүк чиновниктер арасынан заманбап башкаруу өрнөгүн көрүп келгендердин мамилеси менен эскичил жолой менен кеткендердин мамилеси асман менен жердей. Жалпыга маалымдоо каражаттары да мыкты өрнөктөрдөн четте калган жок, эл аралык эрежелерди тутунуп иштөөдөн башка жол жок экенине көзүбүз жетип калды. ЭлТРге келээрде ошондой айырмачылыкты билгем, бирок мен  эч качан кесирлик кылган жан эмесмин. Ошондой чарбаны дүйнөлүк тажрыйбаны билген-көргөндөр көтөрбөсө ким көтөрөт?

– Көпчүлүк медиаэкперттер гезит-журналдардын келечеги жок, маалымат айдыңында эми телерадио жана интернет сайттары гана калат дешет. Чындап эле журналистикада эскиче иштегенге болбой баратат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
Албетте, салттуу ЖМКлар өзгөрүүгө тушугууда. Бирок гезит-журналдар жакын арада тумалак жок болуп кетет дегенге али эрте. Кагаз продукцияны колдонуучу, элестүү айтканда, гезиттин баарын жыйып келип, диванда жатып  баштан-аяк окуган адамдар аз эмес. Бирок гезит окубаган жаш муун өсүп келатат. Бул учкул доордо маалыматтын мүнөзү өзгөрдү: узун макалалар окулбай калды, узак берүүлөр угулбай же көрүлбөй баратат. Азыркы муун бар-жок дегендей чолок-кесил кабар менен жашап калды. Күндөлүк турмушка жарандык же элдик журналистика баш салууда – азыр каерден болбосун көргөн-билгенин кол телефонго тарта салып, чар тарапка таратып жатышпайбы. Кыскасы, технология журналистикада улуу өзгөрүүлөргө из салууда.

– Учурда Кыргызстанда маалымат булактары майдаланып отуруп кээ бири кайсы бир тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн согуш “куралына” айлангансыйт. Бүгүн журналисттин коомдогу орду кандай болуш керек эле?
Кыргызстан сыяктуу экономикалык, финансылык жана адамдык байлыгы чакан өлкөлөр килеңдеген державалардын маалыматтык-идеологиялык экспансиясынын объектисине айланууда бул эми талашсыз кубулуш болуп калды. Ошондуктан кыргыз журту бир туунун айланасына баш кошо албай тургандай сезилет. Бирибиз – теңирчи, бирибиз – мусулман, бирибиз – христиан, бирибиз – улутчул, бирибиз – либерал ж.б.у.с. Бирибиз исламдын туусу астында биригели десе, башкаларыбыз кыргызчылыктын дейт, үчүнчүсү либералдык дөөлөттөрдү сүрөйт.

Туура, өзүбүздүн ЖМКлар саясый, партиялык, жердештик белгилери боюнча өзүң айтмакчы, бытыранды болуп алып  ич ара “былчылдашып” жатышат. Жергиликтүү масштабдагы олигархтар бир сыйра колдонулуучу басылмаларды ача салып, же иштеп жаткан гезиттерди пайдаланып, өзүнүн саясый, идеологиялык, финансылык кызыкчылыктарын жүргүзүүдө. Интеллектуал же саясатты талдай билген окурман макаланы бир карап эле кимдин “кулагы” чыгып турганын байкай алат. Мени көп кабатыр кылган нерсе: бир ууч кыргыз ЖМКлары аркылуу бири-бирин каралап, тебелеп жеп тынбасак экен. Ошондуктан ЖМК редакциясы, ар бир журналист мамлекеттик жоопкерчиликти көтөрө жүрсөк. Кыргызстан азыр балтыры ката элек мамлекет. Бири-бирибизди жеп отуруп мамлекеттен айрылып калбасак болду. Азыр биз тууралуу коңшулар “басмачылар”, “жапайылар” деп такмазалап жазып, телесинен күн сайын көрсөтүп жатканын баарыбыз эле билбесек керек. Мен күндө дүйнөлүк, аймактык маалымат булактарын карап чыгып, кыргызды ушундай сөздөр менен келекелегенде намысым күйөт.

– 8-декабрда телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамы келатат, ага карата кесиптештериңизге каалооңуз.
– Мамлекет тагдыры үчүн баарыбыз жоопкербиз. Ал эми журналист эки эсе жоопкер болууга тийиш. Анткени биз СӨЗҮБҮЗ менен миңдеген кишини буруп коё алабыз. Азыр спутник же кабель аркылуу жүздөгөн каналды кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Ошолорду кыдырата карап отуруп, телеси ошол мамлекеттин жүзү, радиосу үнү экенине ынандым. Чабал мамлекеттин телесинен чыккан алып баруучунун өңү куник, сөзү солгун болот экен. Күчтүү, өзүнө ишенген мамлекеттин алып баруучулары өктөм, өңүнөн энергия согуп турат. Кыргыз телеканалдарында да чырайлуу, өктөм үндүү жаштар пайда боло баштады, демек, мамлекетибиз да чыйралып келатса керек деп үмүттөнүп кетем. Артыбыздан келаткан муундун үнү мындан да өктөм чыгып, жүзүнөн нур көбүрөөк чачсын.

Зайырбек АЖЫМАТОВ,
сүрөт www.tushtuk.kg сайтынан алынды

Богатый выбор от novosibmebel .