«Түркияга эки жаңы ыр менен барабыз»

choro

“Түрквизион” конкурсу түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасындагы “Евровидениенин” көчүрмөсү катары быйыл старт алганы турат. Бир нече турдан өткөн тандап алуу турунда жүздөгөн жаштардын катарынан суурулуп чыккан “Чоро” тобунун ырдаганын баары эле телевизордон көрүшсө керек. Жаңыдан жылдызы жанып келе жаткан жигиттерди Түркияга жөнөөр алдында кепке тарттык. Топтун көркөм жетекчиси Марат Абылов менен солисти Нурболот суроолорубузга жооп беришти.

– “Чоро” тобу кантип пайда болду эле?
– “Чоро” тобу былтыр октябрь айларында түзүлгөн. Азыркы топтогу төрт бала улуттук оркестрде чогуу иштечүбүз. Эски ырларды аткарып жүрүп ошол стилде ырдаган топту түзбөйлүбү деп Чоро Кожомжаровдун атынан “Чоро” деп топ түздүк. Топко жалаң музыкалык окуу жайларда билим алган балдарды топтодук. Көп өтпөй “Фрунзе life” аттуу эски ырлардын фестивалы болуп калды. Ал сынакка биз да катышып баш байгени жеңип алдык. Ошондон баштап чыгармачылыгыбызга көбүрөөк көңүл бура баштадык. Топтун эң негизги максаты – угармандарга жалаң жандуу үн менен эски жана жаңы ырларды жеткирүү, музыкага болгон табитти жаңылоо болчу. Себеби азыр ырчылар аранжировканы да, үн жаздырууну да компьютер менен жасатып алып элге фонограмма менен чыга берип тажатып бүтүштү. Чындыгында музыканын деле аброю түшүп бараткандай. Концерттер мурункудай аншлаг менен өтпөй калды. Жандуу үнгө басым жасасак элдин пикири, табити өзгөрүп, ырчыларды жакшы кабыл ала баштайт деген ниеттебиз.

– Топтун түзүлгөнүнө бир жыл болуптур. Ушул убакка чейин эмнеге атыңарды калың эл уккан жок?
– Биз элге таанылалы деген максатта түзүлгөн эмеспиз. Буга чейин жалаң тажрыйба топтоо, репертуарды байытуу, бири-бирибизге көнүшүү менен алек болдук. Анча-мынча чакырууларды четке какпай барып өнөрүбүздү көрсөткөн деле күндөр болуп жатты. Ушул “Түрквизион” сынагына катышкандан бери гана бизди таанып, биз жөнүндө кеп кыла башташты. Жасалма жол менен эмес, өнөрү менен таанылгандар көпкө жашайт деп ойлойбуз.

– Тойлорго барып ырдап каласыңарбы?
– Биз элге окшоп минусту мини-дискке жаздырып алып ырдабайбыз. Ар бир чыгармабыз жандуу аспаптарда ойноо менен аткарылгандыктан, тойлорго аппараттарды алып баруу кыйын болот. Ошол түйшүктү актагыдай төлөп берсе гана барышыбыз мүмкүн.

– “Түрквизион” сынагына кантип катышып калдыңар?
– Эч ким деле чакырган жок. Биздин солист Нурболот телевизордон кастинг болорун угуп калып эле барып көрбөйлүбү, өзүбүздү калыстардын арасында бир сынайлы деди. Биз оюбузда эч нерсе жок эле атактуу ырчылар, өз ишин мыкты билген адистердин астында ырдап көрөлү, алар биздин кемчиликтерибизди айтып берсе ошонун үстүнөн иштейли деп ойлодук. Себеби конкурс жок мындай эле чакырсаң эч ким келип сынап бербейт да. Ошондуктан бекер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өзүбүздүн даражабызды баалап көрөлү дедик. Анан эле тандап алуу турунан, жарым финалдан өтүп кеттик. Ал ансайын даярдык күчөтүп кызыга баштадык. Чынын айталы, конвертти ачып биздин атыбызда атагыча жеңүүчү болобуз деп ойлогон эмеспиз. Биз үчүн чынында аябай күтүүсүз болду. Алты кишинин жол киресин көтөрүп уюштуруучулар Түркияга алып барбайт да, азыр Курал Чокоев деп айтат болуш керек деп ойлоп жатканбыз. Чынында чоң сюрприз болду.

– Башкы атаандаш деп кимдерди ойлодуңар эле?
– Курал менен Аярды, анан Замира Осмонованы фаворит катары баалап жатканбыз. Алардын баллдары жогору болчу. Акыркы моментте бизди көрүүчүлөр да колдоп кетти.

– Калыстар тобунан кимдин айткандары эсиңерде калды?
– Бакыт Алишеров жакшы сөз айтты. Анын айткандарына таасирленип ошол кемчиликтерибизди оңдоо максатында аракеттенип жатабыз. Бакыт байке айткан нерсени өзүбүз деле сезип жаттык. Ал биздин сахнада тартынып жатканыбызды, жакшы ачыла албай жатканыбызда даана байкаптыр. Чынында биз репетиция учурунда эч ким жокто аябай жакшы ырдап жатканбыз, анан эле калыстардын алдында, камералардын алдында сүрдөп кеттик окшойт. Азыр күн сайын 2-3 саат репетиция кылып ошол кемчиликти жоюунун үстүндө иштеп жатабыз.

– Ошондо силер жалаң эски ырларды аткарган группа болуп эсептелесиңерби?
– Алгач топ түзүлгөндө биз ошентип ойлогонбуз. Ушул убакка чейин деле жалаң эски хит ырларды ырдап  келе жатканбыз. Бул конкурска өткөндөн кийин пландарыбыз өзгөрдү. Мисалы, конкурстун шарты боюнча ал жерде буга чейин эч жерде аткарылбаган жаңы ыр болушу керек экен. Ошол себептен биз өзүбүздүн стилибизден жазбай эле ошондой өңүттө жаңы чыгармаларды жаратууну да максат кылып жатабыз. Буюрса Түркияга эки жаңы ыр алып баратабыз. Учурда ырлардын сөздөрүн жаздыруу менен алекпиз.

– Талаптар демекчи, “Евровидение” конкурсунда да, азыркы силер жөнөп жаткан конкурста да сахнада эң көбү 6 адам болгонго уруксат берилет. Билишимче “Чоро” тобунда 7 жигит бар.
– Ооба, конкурстун шартына ылайык биз бир баланы калтырууну чечтик. Марс деген комузда ойногон жигит биз менен Түркияга барбай турган болду. Бексултан деген балабыз бир нече аспапта ойной алат. Ошол жигит сахнада эки аспапта ойной турган кылып аранжировканы жасап жатабыз.

– Учурда силерге ким колдоо көрсөтүп, акыл-насааттары менен жардамдашып жатат?
– Ата-эне, жакындарыбыз колдоо көрсөтүп жатат. А чыгармачылык жактан белгилүү продюсерлер Динара Эсенгулова, Канат Култаев, Алексей Сидоров жардамдашып жол көрсөтүп жатышат. Алар мындай иш-чараларга көп катышкандыктан бизге баш-көз болуп Түркияга чейин барып келгенге даярданышууда. Ал эми белгилүү инсандар, саясатчылар же меценаттар бизге колдоо көрсөтүп кайрылышкан жок.

– Түркияга качан сапар тартасыңар?
– Негизи конкурстун жарым финалы 17-декабрда, финалы 21-декабрда болот экен. Биз 15-декабрда жөнөп кетсекпи деп ойлоп жатабыз. 16сында бир күн даярдансак, сахнага көнүшсөк, аспаптарды күүлөп, ал жактагы колонка жана башка аппараттарга туташтырып көрүп баарын даярдаганга жетишебиз деп ойлойбуз.

– Башка өлкөнүн атынан чыккан атаандаштарыңар жөнүндө кабарыңар барбы?
– Биз алардын айрымдарынын ырдагандарын интернеттен көрүп, аларга окшобогонго аракет кылып жатабыз. Ошол эле учурда өзүбүз жөнүндө билдирбей турабыз. Татыктуу атаандаш, күчтүү ырчылар бар. Биз командалык өзгөчөлүк менен алышыбыз мүмкүн. Анүстүнө биздин ырыбыз шайыр ыр. Башка өлкөнүн тилин түшүнбөгөн көрүүчүлөр менен калыстар ырдын маанисине эмес, анын обону менен аткаруучулардын эмоционалдуулугун көбүрөөк бааласа керек. Андыктан биз бий жагын, сахнада өзүбүздү алып жүрүүгө да көп көңүл буруп жатабыз.

– Бул сынакта Гүлжигитке окшоп ийгилик жаратууну ойлоп жатасыңарбы?
– Чынында көпчүлүк былтыр Гүлжигит жеңип келген “Евразия жылдызы” конкурсунун кезектегисине бизди жөнөп жатат деп ойлоп жатышыптыр. Бул эки сынак эки башка экенин түшүнүп алышса. Кадимки “Евровидение” конкурсу сыяктуу биз эки эле турдан эки эле жолу сахнага чыгып ырдайбыз. Анан ар бир түрк тилдүү өлкө түз эфирден добуш беришет. Башка өлкөлөргө барып бир нече тилде ырдабайбыз. Ар бир катышуучу өзүнүн эне тилинде гана жаңы ыр ырдашы керек. Бул конкурс алгачкы ирет болуп жатат. Жеңүүчү болуп калсак, албетте жакшы. Жеңбей калсак да Кыргызстандын атынан биринчи катышкан топ катары тарыхта калабыз. Ошондуктан жеңбесек да түрк дүйнөсүнүн эсинде кала тургандай деңгээлде жакшы аракет жумшоого убада беребиз.

– Конкурстан кийин аябай жылдызыңар жанат. Дароо концерт бере аласыңарбы?
– Биз жеңген күндө да элге чоң концерт бергибиз келбейт. Азырынча бизге эртелик кылат. Элдин көңүлүн калтырбаш үчүн биз аябай такшалып, репертуарыбыз көбөйгөндө гана чоң деңгээлде жандуу концерт беребиз. Биз үчүн концерт берүү оңой нерсе эмес, буга олуттуу карайбыз.

– Силерге ийгилик! Түркияда да, чыгармачылык жолуңарда да албан-албан ийгиликтер коштосун!

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ

Купить отделочные материалы можно на сайте http://www.otdelkavip.ru . Монтаж.