Жаңы жылды өкмөтсүз тособузбу?

Парламенттин 25-26-декабрдагы жыйынында «Кумтөр» маселеси каралат. Жыйында өкмөт «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрдүн отчетун бермекчи. Ак үйдөгү билермандардын айтымында, премьер Жантөрө Сатыбалдиев сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жазга чейин убакыт сурашы мүмкүн. Буга жинденген «ата мекенчи» Өмүрбек Текебаев көпчүлүктөн чыкканын жарыялап, коалицияны кулатып салбайбы? Анда жаңы жылды өкмөтсүз тособузбу? Кийинки коалиция үч партиянын («Ата журт», «Ата мекен», «Ар-намыс») катышуусунда куралат имишин эске алсак, Өмүкенин бүгүнкү өкмөттүн түбүнө жетерине аз калды өңдөнөт…

«Жаңы Агым» – пресс